Сузакта жаңы лабораториянын курулушу
4 октябрь

Сузакта жаңы лабораториянын курулушу

Жалал-Абад облусунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын имаратынын курулуш иштери менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Төрөбаев жеринен барып таанышып чыкты. Лаборатория Сузак районунда жайгашып, аны куруу үчүн 2017- жылы аянты 0,25 га болгон  жер тилкеси бөлүнүп берилген.

2024-жылдын декабрь айында өткөн тендердик конкурстун жыйынтыгы менен ЖЧК “Алтын доор” курулуш компаниясы жеңип чыгып, лабораториянын имаратын 2025-жылдын февраль айларынан баштап куруу иштери жүргүзүлүп жатат.

План боюнча ушул жылдын аягында аталган лабораториянын имаратын куруу иштери аяктайт.

Жалал-Абад өсүмдүктөрдүн карантини лабораториясын курууга жалпы 67 млн 140,5 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралган. Анын ичинен:

  • 39 млн 44 миң сом акча каражаты имаратты курууга;
  • 27 млн 446, 5 миң сом лабораториялык жабдуулар менен жабдууга; 
  • 650 миң сом долбоорлук-сметалык документти даярдоого кеткен.