Ошто улуттук тазалык күнү өтөт
25 апрель

Ошто улуттук тазалык күнү өтөт

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жазгы үч айлык боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жыйынга мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышып, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында 26-апрель Ош шаарында жалпы ишембиликти өткөрүү боюнча сүйлөшүлдү.

Мэрдин орун басары шаарга кам көрүү, тазалыкты жана жагымдуу шарттарды түзүү ар бир адамдан башталаарын белгилеп, жарандык активдүүлүктү көрсөтүүгө чакырды. Ошондой эле, жооптуу кызматкерлерге жалпы ишембиликти жогорку уюшкандыкта өткөрүү боюнча тийиштүү талаптарды койду.

Белгилей кетсек, шаардагы жалпы ишембиликке жана көрктөндөрүүгө, мамлекеттик мекеме-ишканалар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан бардык коммерциялык, соода түйүндөрдүн жана жайлардын менчик ээлери катышат.