Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда мыйзамсыз балык уулоочу жаран аныкталды
2025-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Эко-тур милициясы менен биргеликте браконьерликке каршы рейд жүргүзүштү.
Рейд учурунда Аксуу районунун аймагында мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Текшерүү маалында жаран 1 даана Гегаркуни форель балыгын мыйзамсыз кармагандыгы үчүн кармалды.
Аталган жаранга карата балык коруна келтирилген зыян үчүн 2 020 сом өлчөмүндө доо коюлуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 261-беренесинин 2-пунктунун негизинде протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы балык уулоонун белгиленген тартибин бузуу экологиялык баланска зыян келтирерин жана балык ресурстарын коргоо – ар бир жарандын милдети экенин эскертет.
