Кара-Көлдө 130 миң сомдон ашык экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 июль

Кара-Көлдө 130 миң сомдон ашык экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Кара-Көл шаарына караштуу Чоң-Таш жайлоосунда өндүрүш калдыктары мыйзамсыз төгүлгөндүгүн аныкталды.  Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын кесепетинен жер кыртышына 75 168 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Ошондой эле Кара-Көл шаарына караштуу Чоң-Таш жайлоосунун Бытый участогунда жайыт жер мыйзамсыз айдалып (сүрүлгөнү) үчүн 51 800 сом өлчөмүндө зыян келтирилгендиги аныкталды. Учурда бул фактылар боюнча мыйзам чегинде тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Курп-Сай суу сактагычынын Эш-Сай участогунда диаметри 21 см болгон дарак мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталып, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын суммасы 3 050 сомду түздү. Аталган факты боюнча жеринде тиешелүү актылар таризделип, түшүнүк каттар алынды.