Майлуу-Суу жылуулук менен камсыздоо ишканасына айып салынды
Майлуу-Суу жылуулук менен камсыздоо ишканасына айып салынды, деп билдирет Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан аталган ишканага жүргүзүлгөн контролдук текшерүүдө экологиялык талаптардын биринин аткарылбагандыгы аныкталды.
Текшерүү 2025-жылдын 24-февралында өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында, ишканага мурда берилген эскертүүнүн бир пункту аткарылбай калгандыгы белгиленди.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 434-беренесине ылайык, аталган ишканага 13 миң сом айып салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы экологиялык нормалардын жана талаптардын аткарылышын камсыздоо үчүн мындан ары да мониторинг жүргүзүүнү улантат.
