“Саймалуу-Таш” паркында “Жашыл Мурас” улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында көчөт отургузуу иш-чарасы жүргүзүлдү
19 ноябрь

“Саймалуу-Таш” паркында “Жашыл Мурас” улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында көчөт отургузуу иш-чарасы жүргүзүлдү

“Саймалуу-Таш” Мамлекеттик Жаратылыш паркынын аймагында “Жашыл Мурас” улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында көчөт отургузуу боюнча пландалган иштер аткарылды.

Белгиленген планга ылайык, атайын бөлүнгөн аянтча даярдалып, 40 даана Тянь-Шань карагайынын көчөттөрүн отургузуу иши уюштурулду. Аянтчаны даярдоо – чабылып, тегизделип жана көчөттөрдү отургузууга ылайыкташтырылып – толук аткарылып, көчөттөр отургузулду.

Бул иш-чара жаратылыш паркынын токой фондун толуктоо, экосистеманын туруктуулугун жогорулатуу жана жашыл мейкиндикти кеңейтүү максатында өткөрүлдү.

Маалымат ирээтинде:
“Саймалуу-Таш” Мамлекеттик Жаратылыш паркы Жалал – Абад облусуна караштуу Көкарт ашуусунун жанында жайгашкан. Теңдеши жок стилдик жана композициялык ар түрдүүлүктөгү жүз миңден ашык сүрөттөрдү, фигураларды бир жерге топтоштурган мындай “таш китеп” дүйнөнүн эч биринде жок.