Кадамжай районунда 400 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулууда
Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Кызыл-кыя өткөрмө пунктунун жол четине 400 даана ийне жалбырактуу көчөт отургузулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, бул өнөктүккө бүгүн облус башчысы Айбек Шаменов барып катышты.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын андан ары илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду келечек муундар үчүн сактоо, ошондой эле токойлордун, бакчалардын, парктардын жана жашыл бактардын аянтын кеңейтүү жана көбөйтүү жөнүндө тескемеси бар.
Буга чейин “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Кадамжай районунда 2025-жылдын жаз айларында 4640 даана бак- дарак көчөттөрү негизги унаа жол четтерине отургузулган.
