Кыргызстан менен Беларусь токой чарбасын өнүктүрүү жана токой өстүрүү маселесин талкуулашты
Минск шаарында Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаев менен аталган өлкөнүн токой чарба министри Александр Куликтин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү, токой өстүрүү, аны калыбына келтирүү, токой тармагын өнүктүрүүнү экономикалык пландаштыруу жана болжолдоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өнөр жайлык кооперация жана Кыргызстанга токой продуктыларын, анын ичинде жыгач материалдарын жана жыгач отундарды жеткирүү маселелери козголду.
