Кыргызстан БУУнун UN-GGIM 16-сессиясына катышты
12 август

Кыргызстан БУУнун UN-GGIM 16-сессиясына катышты

2026-жылдын 5–7-августунда Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында Геомейкиндиктик маалыматтарды глобалдык башкаруу боюнча эксперттер комитетинин (UN-GGIM) 16-сессиясы өттү.

Иш-чарага КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев баштаган кыргыз делегациясы катышты.

Сессиянын алкагында геомейкиндиктик маалыматтарды башкаруу, улуттук геопорталдарды өнүктүрүү, мамлекеттик органдардын маалыматтарын интеграциялоо жана заманбап санариптик технологияларды колдонуу боюнча эл аралык тажрыйба алмашуу болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында алынган тажрыйба Кыргызстандын Улуттук мейкиндиктик маалыматтар инфраструктурасын, санариптик кадастрдык кызматтарды жана ведомстволор аралык маалымат алмашуу механизмдерин мындан ары өнүктүрүүдө колдонулат.