Тору-Айгыр айылында таза суу системасы пайдаланууга берилди
2025-жылдын 6-февралында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында таза суу менен камсыздоо системасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Эргешович Төрөбаев, Ысык-Көл облусу боюнча Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж. Т. Ормонов, жергиликтүү активдер, аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү жана министрликтин кызматкерлери катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн министр Бакыт Төрөбаев таза суу – калктын ден соолугу, жашоо сапаты жана айылдардын туруктуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Ал белгилегендей, мамлекет айыл аймактарында ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштерин ырааттуу улантып, заманбап инфраструктураны түзүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
Өз сөзүндө Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Ж. Жетигенов бул долбоор аймактагы социалдык маселелерди чечүүгө чоң салым кошуп, элдин турмуш шартын жакшыртаарын белгиледи.
Ал эми Ысык-Көл районунун акими Ж. Т. Ормонов таза суу системасынын ишке берилиши менен айыл тургундарынын көп жылдык көйгөйү чечилгенин айтып, долбоорго салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Тору-Айгыр айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы сөз сүйлөп, айыл элинин атынан ыраазычылык билдирип, таза суу – келечек муундар үчүн чоң байлык экенин баса белгиледи.
Долбоор тууралуу маалымат
Тору-Айгыр айылындагы таза суу системасы “Тору-Айгыр айыл аймагынын суу менен камсыздоо системасын реконструкциялоо (ЛОТ-1)” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
• Сметалык наркы: 62 млн 80 миң 254 сом
• Суу түтүк тармагынын жалпы узундугу: 15 104 метр
• Ичүүчү суу сактоочу резервуарлар: 300 м³ – 2 даана
• Өрт өчүрүүчү гидранттар: 12 даана
• Суу эсептегичтер: 600 даана
• Бактерициддик жабдуу орнотулган имарат: 1 даана
• Сырткы электр тармактары жана ички суу түйүндөрү толук курулган
Объект пайдаланууга берилгендиги тууралуу тиешелүү акт толук даярдалган.
Жаңы система ишке кириши менен Тору-Айгыр айылынын тургундары үзгүлтүксүз, коопсуз жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз болушту.
