Боз-Болток тоосунун этегинде 200 көчөт отургузулду
21 март

Боз-Болток тоосунун этегинде 200 көчөт отургузулду

Аламүдүн районунун Боз-Болток тоосунун этегинде 200 түп көчөт отургузулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында жалпы 160 өрүк жана 40 кара жыгач көчөтү отургузулган.

Бул демилге «Альянс» фракциясынын депутаттарына, Жаратылыш ресурстары, министрлиги жана Байтик айыл өкмөтү тарабынан биргелешип ишке ашырылды.