Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматына 10 кызматтык унаа тапшырылды
Бүгүн, 1-апрель күнү Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматына автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Тапшыруу аземине ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, президенттин Ысык-Көл
облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Мурат Боронов жана башка жетекчилер катышты.
Иш-чарада бардык тиешелүү техникалык каражаттар менен жабдылган жаңы 10 «Нива» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Октябрь Урмамбетов туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жайкы туристтик сезонго чейин жаңы форма жана техника менен камсыздалып жатканын билдирди. Ошондой эле, жакын арада кошумча кызмат ордуларын ачуу мерчемделип жатканын айтты. Бул көрүлүп жаткан чаралар өздүк курамдын иштөө шарттарын жакшыртуу, Ысык-Көл облусуна эс алууга келген коноктордун коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо максатында ишке ашып жатканын баса белгилеп өттү.
