Кыргызстанда форель менен дарыя османын кармоого чектөө киргизилди
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти 2026-жылга республика боюнча дарыя сууларында айрым балык түрлөрүн спорттук жана ышкыбоздук максатта уулоого белгиленген өлчөмдө лимит бөлүнгөнүн маалымдайт.
Атап айтканда, Ысык-Көл жилингирин (форель), Амударыя жилингирин (форель) жана дарыя османын кармоого белгиленген лимиттердин чегинде гана уруксат берилет.
Белгиленген лимит толук пайдаланылгандан кийин аталган балык түрлөрүн кармоого тыюу салынат. Лимиттен ашыкча балык кармоо мыйзамсыз балык уулоо болуп эсептелет жана мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Департамент жарандарды балык уулоого чыгар алдында белгиленген талаптар менен таанышып, уруксат берилген көлөмдөн ашпоого чакырат.
