Түп районунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталып, шектүү жаран кармалды
Ысык-Көл облусунун Түп районунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Тогуз-Булак айылынын батыш тарабындагы көл жээгинен мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды.
Тогуз-Булак айылынын 1992-жылы туулган тургуну С.Ф. 1 даана кайык жана 1 даана синтетикалык кытай торун колдонуп, 18 даана балыкты мыйзамсыз кармап жаткан жеринен кармалды.
Аталган факт Түп РИИБдин МЭЖине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (“Мыйзамсыз балык уулоо”) боюнча кылмыш иши козголуп.
Кылмыш иштин алкагында шектүүнүн жашаган үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, 3 даана синтетикалык балык тору, 6 даана балык уулоочу кайырмак жана 2 даана тордон жасалган баштыкча далил зат катары табылып алынды.
Шектүү жаран Кыргыз Республикасынын КПКнын 96-беренесинин негизинде камакка алынды.
