Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычынын айланасы тазаланды
Баткен шаарындагы Төрт-Гүл суу сактагычынын айланасы тазаланды, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери аймакты таштандылардан арылтуу, чөп оруу, жол четин иретке келтирүү, куураган бак дарактарды бутап, актап сырдоо иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун айлана чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүүнүн үч айлыгын жарыялоо жөнүндө буйругуна ылайык, ар жуманын ишемби күнү, облус аймагында ишембиликтер өтүүдө.
