Балыкчыда браконьерликке каршы күрөш: Балык эмес – мыйзам торуна илингендер
14 июль

Балыкчыда браконьерликке каршы күрөш: Балык эмес – мыйзам торуна илингендер

2025-жылдын 13-июлунда Балыкчы ШИИБне Ысык-Көл акваториясында мыйзамсыз балык уулоо фактысы боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Текшерүү учурунда үч жаран мыйзамсыз балык улоо менен алектенгени аныкталган.

Аталган факт Балыкчы ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектелген жарандардын жашоо жайларына кечиктирилгис тинтүүлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада, 1984-жылы туулган В.В. аттуу жарандын үйүнөн төмөнкүдөй заттар табылган:

• Жалпы 7 ок атуучу курал (анын ичинде 3 даана сайлуу, 4 даана сайсыз),
• 2 даана ТИР мылтыгы,
• 7 даана куралдын кундактары,
• 1 даана револьвер пистолетинин чачыраган тетиктери,
• 1 таңгак ТОЗ-8 куралына тиешелүү ок-дарылар,
• 4 даана пластик бөтөлкөдө бытыра октору,
• 3 даана болжол менен 300 метрлик балык уулоочу синтетикалык торлор,
• 1 даана балык уулоочу кайык,
• 3 даана суучул кийими,
• 171 даана чебачек балыгы,
• 62 даана форель балыгы,
• 11 даана «Сига» балыгы,
• 62 даана банкадагы балык икрасы,
• 43 даана “Радужный форель” балыгы,
• 10 жапайы өрдөк,
• Жана 2 даана түлкүнүн териси,

Мындан тышкары, 1967-жылы туулган У.П. аттуу жарандын үйүнөн:

• 23 даана балык уулоочу синтетикалык тор (ар бири 100 метрден),
• 1 даана “невад” үлгүсүндөгү тор,
• 4 даана “Сига” балыгы,
• Белгисиз үлгүсүндөгү тапанча,
• 4 даана кайырмак,
• 8 даана калак,
• жана башка бакма балыктар алынган.

Тинтүү учурунда табылган бардык буюмдар жана балыктар далил зат катары алынып, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Балык ресурстары экологиялык зыянды баалоо үчүн Ысык-Көл облусунун экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча аймактык инспекциясына өткөрүлүп берилди.

Тергөө амалдары уланууда.