Бир жылда экологиялык мыйзам бузуулар үчүн айып пул 25 млн. сомдон ашты
14 февраль

Бир жылда экологиялык мыйзам бузуулар үчүн айып пул 25 млн. сомдон ашты

2024-жылы ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизилгенине карабастан, Жаратылыш министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы 1002 текшерүү жүргүзгөн.

Алардын жыйынтыгы боюнча:

  • 995 акт түзүлүп,
  • 2892 экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды,
  • Мыйзам бузууларды четтетүүгө 525 жазма буйрук берилген,
  • 1247 мыйзам бузуулар жоюлган.

КР "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин алкагында 1967 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 25,256 млн сомду түздү.