Ысык-Көл районунда айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 17,4 млн сом өндүрүлдү
Ысык-Көл районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер жана Токой кодекстеринин, ошондой эле «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүндө жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Ысык-Көл токой чарба кызматында текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында токой жана айыл чарба өндүрүшүнө келтирилген жоготуулар үчүн, ошондой эле алынбай калган пайданын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр өз убагында жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.
Аталган мыйзам талаптарынын бузулушун четтетүү максатында райондук прокуратура тарабынан прокурордук акты келтирилип, мамлекеттик бюджетке жалпысынан 17 401 200 сом өлчөмүндө акча каражаттары өндүрүлдү.
