Баткен облусунун аймагында 1-2-мартта жалпы элдик ишембилик өтөт
25 февраль

Баткен облусунун аймагында 1-2-мартта жалпы элдик ишембилик өтөт

Баткен облусунун аймагында 1-2-мартта жалпы элдик ишембилик өтөт. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Иш-чарага мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен сырткары, ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бирге катардагы бардык жарандар чакырылат.

Жер-жерлерде айлана-чөйрөнү тазалоо, сугат арыктарын чабуу, бак дарактарды актап сырдоо, бутоо, бузулган мыйзамсыз курулуштардын калдыктарын тазалоо, көчөт отургузуу иштери жүрөт.

Өкүлчүлүк жарандарды ишембиликке активдүү катышууга чакырат.