«Эко Мир» коомдук бирикмесинин мүчөсү системалык түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды
20 март

«Эко Мир» коомдук бирикмесинин мүчөсү системалык түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды

Тиричилик чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө жарандык активист - «Эко Мир» коомдук бирикмесинин мүчөсү М.Н. жогорку инстанцияларга арыз берүү менен Ысык-Көл облусунун мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин коркутуп, текшерүүлөрдү токтотуу үчүн алардан акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө М.Н. укук коргоо органдары тарабынан кармалбоо максатында бир нече мобилдик капчыктар («О!Деньги» жана «МБанк») аркылуу опузалап талап кылынган каражаттарды алуу схемасын уюштургандыгы такталды.

2025-жылдын 13-мартында М.Н. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкеринен 52 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен кармалган КР жараны М.Н. Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.

КР УКМК белгилейт, эгерде кимде-ким КР жараны М.Н.нын аракетинен жапа чеккен болсо, КР УКМКнын (0312) 66-04-75, 62-65-04 ишеним телефонуна кайрылууну сунуштайбыз. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.