видеодон алынган кадр
15 июнь
Ош шаарындагы таштандыны утилдештирүүчү заводдун курулушу кайсы этапта?
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 14-июнда таштандыларды утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүчү заманбап заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Мэриядан кабарлашкандай, курулуш иштерин Кытайдын «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясы жүргүзүүдө.
Мэр компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, курулушту активдештирүүнү жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.
Шаар башчысы заводдун курулушуна байланыштуу жаралган бардык маселелер мэрия тарабынан ыкчам каралып, чечилип берилерин белгиледи.
Аталган завод ишке киргенден кийин жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Долбоор толук экологиялык талаптарга жооп берет жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт.
