Ала-Арча, Аламүдүн, Нооруз дарыяларына жана бийик тоолуу мөңгүлөрдүн абалына аэровизуалдык байкоо жүргүзүлдү
Бүгүн, 12-апрелде ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Чүйдүн Ала-Арча, Аламүдүн, Нооруз дарыяларына жана бийик тоолуу мөңгүлөрдүн абалына аэровизуалдык байкоо жүргүзүлдү.
Тагыраагы, ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин адистери бийик тоолуу морена көлдөрү учурда кышкы режимде экенин аныкташты. Дарыя бассейндеринде гидрологиялык абал мезгилдүү аба ырайынын шартына туура келет.
Буга чейин, 2025-жылдын 6-апрелинде аталган департаменттин директору Даурбек Сакыев ӨКМ жетекчилиги менен Ысык-Көл облусунун Күңгөй-Ала-Тоо этектеринин кооптуу аймактарына абадан визуалдык изилдөө жүргүзгөн.
Сел-суу ташкындарынын алдын алуу максатындагы учуу кардын катмарынын бийиктигин жана эрүү процессин бааланып, Чок-Тал, Тогуз-Булак, Тору-Айгыр, Чолпон-Ата, Кичи-Аксуу, Түп, Жети-Өгүз, Чоң-Кызыл-Суу, Кичи-Кызыл-Суу, Барскоон, Тамга дарыяларынын бассейндеринин учурдагы абалы изилденди.
Мониторинг иштеринин бул түрү сел жана суу ташкындарын ийгиликтүү болжолдоонун негизги аспектилеринин бири болуп саналат жана абадан визуалдык изилдөөлөр мындан ары да улантылат.
