www
26 июнь
Кыргызстандын аймагында абанын табы 40 градуска чейин жетет
Синопиктер шашылыш билдирүү таратып, алдыда кыргызстандыктарды ысык аба ырайы күтөрүн эскертишти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 28-29-июндарында ысык аба ырайы күтүлөт.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
