Кыргызстанда 283 мыйзамсыз таштанды таштоочу жай бар
13 февраль

Кыргызстанда 283 мыйзамсыз таштанды таштоочу жай бар

Кыргызстанда калдыктарды утилдештирүү боюнча 411 объект иштейт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегияда айтылды.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда алардын көпчүлүгүнүн өзгөртүп түзүлгөн жер статусу жок:

  • 98 объекттин документтери бар,
  • 283 таштанды таштоочу жай документтери жок бойдон калууда.

Республиканын аймагында калдыктарды кайра иштетүү боюнча 91 ишкана катталган.