Нарындагы Салкын-Төр паркы реконструкцияланат
Президенттин тапшырмасынын негизинде Нарын облусундагы Салкын-Төр жаратылыш паркын заманбап шарттарга ылайыктап кайрадан иретке келтирүү боюнча иш жүрүүдө.
Президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашкандай, учурда долбоорлоо жана даярдык иштери жүрүп, жакынкы күндөрү реконструкция иштери расмий түрдө башталат.
Салкын-Төр – бул Нарын элинин сыймыгы гана эмес, бүт өлкөбүздүн табигый байлыгы. Аны эл үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана таза эс алуу жайына айландыруу максатында парк толугу менен жаңыланат. Жаратылышка зыян келтирбестен, ошол эле учурда эс алууга келген адамдар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.
Бул жерде бардык инфраструктура заманбап форматта уюштурулуп, кирүү пункту автоматташтырылат, эс алуучу жайлар жаңыланып, экологиялык стилде жеңил A-frame үлгүсүндө үйлөр, эс алуучу жайлар, кафе жана санитардык объекттер курулат. Бул табият менен адамдын ортосундагы гармонияны сактап, сапаттуу экотуризмди өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болот.
