Чүй облусунда “Жашыл мурас” алкагында 1000 дарак көчөтү отургузулду
18 ноябрь

Чүй облусунда “Жашыл мурас” алкагында 1000 дарак көчөтү отургузулду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын Чүй облусундагы түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 86-чакырымындагы айланма жолдун жээгине 1000 даана карабак көчөтүн эки чакырым аралыкка отургузуу өнөктүгүн өткөрдү.

Иш-чара Президент Садыр Жапаров демилгелеген “Жашыл мурас” улуттук программасынын алкагында, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында уюштурулду.

“Жашыл мурас” улуттук программасы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, абанын сапатын жакшыртууга жана келечек муундар үчүн дени сак экосистеманы түзүүгө багытталган.

Бак-дарактарды жана көчөттөрдү отургузуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул жакырчылыкты жоюуга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана экосистеманы коргоого салым кошот.

Жашылдандыруу долбоорлору жаратылышка жардам берүү менен бирге, экономикалык өсүшкө жана социалдык туруктуулукка дагы оң таасирин тийгизет.