Борбор Азияда 10 миллионго жакын адам таза ичүүчү сууга жеткиликтүү эмес
Борбордук Азияда 10 миллионго жакын адам таза ичүүчү сууга жеткиликтүү эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Римде өтүп жаткан Rome Water Dialogue 2025 форумунун алкагында «Суу ресурстарын башкаруунун эффективдүү чечимдери» аттуу сессияда сөз сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, региондогу суу инфраструктурасынын 80% эскирген, ал эми суу жоготуулары 55% түзөт.
"Кыргызстанга 960 айылдагы ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн 1,2 миллиард АКШ доллары инвестиция керек", – деди министр.
"Эгерде бүгүн зарыл болгон каражаттар салынбаса, эртең жоготулган потенциалды калыбына келтирүү үч эселеп кымбатка турат. Сууга мунай жана газ сыяктуу эле көңүл бурууга убакыт келди", – деди Төрөбаев.
