Төрөбаев Ысык-Көлдүн деңгээлинин төмөндөп жатышы боюнча тынчсыздануусун билдирди
Ысык-Көлдүн деңгээлинин төмөндөп жатышы тынчсызданууну жаратат. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Римде өтүп жаткан Rome Water Dialogue 2025 форумунун алкагында «Суу ресурстарын башкаруунун эффективдүү чечимдери» аттуу сессияда сөз сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, көл регионалдык мааниге ээ болуп, климаттык тең салмактуулукту камсыздоочу маанилүү функцияны аткарат.
«Арал деңизинин трагедиялуу тагдыры сыяктуу эле, жаратылыш байлыктарын жоготуу кайтарылгыс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Суу коопсуздугу – бул экологиялык гана эмес, улуттук жана глобалдык туруктуу өнүгүүнүн маселеси», – деп баса белгиледи министр.
