Ысык-Көлдө экологиялык мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл күчөтүлдү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан 2025-жылдын 27–30-июнунда Ысык-Көл облусунун аймагында атайын текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Бул иштер президенттин төмөнкү жарлыктарын ишке ашыруу алкагында жүргүзүлдү:
- 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ №172 "Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө";
- 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ №131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө".
Текшерүүнүн негизги максаттары:
- Суу объекттеринде балык запастарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу;
- Эс алуу жайларында жана конок үйлөрүндө саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын туура иштешин камсыздоо;
- Базарларда мыйзамсыз балык сатылышына бөгөт коюу;
- Ысык-Көлдүн жээгинде таштандыларды мыйзамсыз ыргытууга каршы күрөшүү.
Жыйынтыктар:
Текшерүү учурунда жалпы 19 укук бузуу фактысы катталып, мыйзам бузгандарга карата жалпы 106 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Атап айтканда:
• КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 266/1-беренеси (ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузуу) боюнча — 12 жаранга 12 000 сом айып салынды;
• 115/1-берене (белгиленбеген жерлерге таштанды таштоо) боюнча — "Ак-Бермет" жана "Акун" пансионаттарына 2 факты боюнча 34 000 сом айып салынды;
• 115/2-берене (өндүрүштүк жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерге таштоо) боюнча — юридикалык жакка 1 протокол менен 23 000 сом, жеке жакка 1 протокол менен 7 500 сом айып салынды;
• 236-берене (экологиялык коопсуздукту бузуу) боюнча — 2 протокол түзүлүп, 20 000 сом айып салынды.
