«Жашыл Мурас»: Бишкектеги жашыл аймактардын аянты көбөйтүлөт
28 май

«Жашыл Мурас»: Бишкектеги жашыл аймактардын аянты көбөйтүлөт

Кыргызстан «Жашыл Мурас» долбоору боюнча 5 жылдык планын бекиткен. Ал 3 деңгээлде ишке ашат:

  • Глобалдык – дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу тийиштүү иш чараларды алып баруу.
  • Улуттук деңгээл – ар бир министрликтер, мекемелер тийиштүү иш чараларды жана аны ишке ашыруу боюнча укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуу.
  • Жергиликтүү – бул жергиликтүү бийликтер тарабынан алып барылчу иштердин тизмеси.

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Алиевдин түз эфиринде билдиргенине караганда, тоо экосистемасын сактоо жана өнүктүрүү бул жергиликтүу өзүн өзү башкаруу органдарына көбүрөөк байланыштуу.

«Жашыл Мурастын» алкагында, Бишкек шаарындагы жашыл аймактардын аянтын көбөйтүү ишке ашууда. Апрель айына алынган маалымат боюнча, борбор калаада быйыл 11 759 көчөт отургузулган. Жылдын соңуна чейин бул көрсөткүч дагы көбөйөт, анткени, азыр көчөт отургузуу уланып жатат жана ноябрь айында кышкы көчөттөр отургузулат», – деди Алиев.

Ошондой эле, ал жарандарды экологияны сактоого чакырды.

«Ар бир жаран өзү жашап жаткан жердин тазалыгы үчүн күйүп-бышпаса экологиябызды жакшырта албайбыз. Мисалы, азыр тоо койнуна эс алууга чыгышат, бирок артынан таштандыны тазалап кетүүдөн эринишет. Ал турмак от жагышса, толук өчүрбөй, түтөгөн абалында ташташат. Менимче, мындай терс көрүнүштөн арылуу үчүн «баланы башынан» дегендей, бала бакчадагы балдарды тазалыкка үйрөтүүнү башташыбыз керек. Мектеп окуучуларына, студенттерге, министрлик, мекемелердин эмгек жамааттарына тазалыктын маанилүүлүгүн жеткирүүгө, аң сезимине сиңирүүгө тийишпиз. Жалпы эл тараптан умтулуу болбосо, бир министрлик же мекеме эч убакта тазалыкты орното албайт», – деди Майрамбек Алиев.