Ак-Сай өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды
Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жана Окчонтой ЖЧКсынын кызматкерлери, Чек-Ара кызматынын кызматкерлери менен биргелешкен рейд учурунда Ак-Сай өрөөнүнүн Жаман-Эчки участогунан Ат-Башы районунун тургуну К.Т.Бнын боз үйүнүн жанынан мыйзамсыз олжолонгон бир баш жапайы тоо кийиктин толук эмес эттери табылган.
Жеринде тийиштүү протокол түзүлүп, КР УБжКнын 262-берененин 1-бөлүгүнүн негизинде 20 000 сом айып пул салынып, ошондой эле жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 000мин сом өлчөмүндө доо коюлду.
