Кыргызстанда токойлордун 70 пайызга жакыны деградацияга учураган
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 сентябрь

Кыргызстанда токойлордун 70 пайызга жакыны деградацияга учураган

Кыргызстандагы токойлордун 70 пайызга жакыны деградацияга учураган деп бааланууда. Мындай маалымат 2035-жылга чейинки Улуттук адаптациялоо планынын долбоорунда келтирилген.

Документте токойлордун сууну жөнгө салуучу жана эрозияга каршы функцияларынын жоголушу сел, суу ташкыны жана жер көчкү коркунучун күчөтөрү белгиленет.

Ушуга байланыштуу 2035-жылга чейин деградацияга учураган токой аймактарынын, тоо капталдарынын жана суу топтоочу аймактардын кеминде 150 миң гектарын калыбына келтирүү жана туруктуу абалга келтирүү сунушталууда.

Жаратылышка багытталган чаралар менен артыкчылыктуу суу топтоочу аймактардын кеминде 60 пайызын камтуу пландалууда.

Мындан тышкары, тоолуу аймактарда инфраструктуралык объектилерди курууда айлана-чөйрөдөгү экосистемалардын абалын эске алуу сунушталууда.