Ош шаарына 1000 көчөт отургузулууда
6 ноябрь

Ош шаарына 1000 көчөт отургузулууда

Бүгүн Ош шаарына Өзбекстандан алынып келинген 1000 даана чынар теректин көчөттөрүн отургузуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, көчөт отургузууну баштап берди.

Жаңы көчөттөр быйыл капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн көчөлөрдүн жээктерине отургузулат. Бул аракеттер шаарды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөйт.