Соң-Көлдүн Батай-Арал аймагында жапайы канаттууларды коргоо үчүн 1 чакырымдык тосмо орнотулду
3 сентябрь

Соң-Көлдүн Батай-Арал аймагында жапайы канаттууларды коргоо үчүн 1 чакырымдык тосмо орнотулду

Нарын облусундагы К. Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун Рамсар аймагына кирген Соң-Көл көлүндө жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого багытталган иштер улантылууда.

“Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу” долбоорунун алкагында көлдүн корук аймагындагы Батай-Арал кыдырмасына узундугу 1 чакырым болгон тосмо орнотулду.

Тосмонун негизги максаты — Соң-Көлдүн маанилүү орнитологиялык аймагына адамдардын жана транспорт каражаттарынын көзөмөлсүз кирүүсүн чектөө. Бул чара жапайы канаттуулардын жашоо жана көбөйүү шарттарын сактоого, алардын тынчтыгын камсыз кылууга жана аймакка болгон антропогендик таасирди азайтууга багытталган.

Соң-Көл — суу жана суу жээгиндеги канаттуулардын маанилүү жашоо чөйрөсү болуп саналган уникалдуу жаратылыш аймактарынын бири. Айрыкча канаттуулардын көбөйүү мезгилинде адамдардын жана унаалардын көзөмөлсүз кирүүсү алардын жашоо шарттарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Батай-Арал аймагында тосмо орнотуу иштери Туруктуу өнүгүү стратегиясы институтунун жана Глобалдык экологиялык фонддун колдоосу менен ишке ашырылды.