Жалал-Абадда ири жашылдандыруу кампаниясы башталды
Келечек муундар үчүн экологиялык жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруунун алкагында, президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген «Жашыл мурас» долбоору уланууда.
Аталган программага ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен Жалал-Абад облусунда кеңири экологиялык кампания жүрүп жатат. Анын алкагында 100 гектар аянттагы какыраган адырларга 40 миң көчөт отургузулуп, аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга чоң салым кошот.
Көчөттөрдүн натыйжалуу өсүшүн камсыздоо үчүн израилдик заманбап сугат системасы орнотулууда. Аны Түркиядан келген адистер ишке киргизип, көп жылдык пайдаланууга ылайыкташтырат.
Долбоордун алкагында жети түрдүү дарак тигилүүдө: жаңгак, фисташка, бадам, алма, карагай, өрүк жана башка ийне жалбырактуу жана жалбырактуу дарактар. Узак мөөнөттүү келечекте бул токой массивдери экологиялык кырдаалды жакшыртууга өбөлгө түзүп, тигилген бактардын мөмө-жемиштеринен жергиликтүү калк пайдалана алат. Мындан тышкары, долбоор аймакта экотуризмди өнүктүрүүгө салым кошот.
КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев белгилегендей, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2-февралдагы №18 Указына ылайык башталган «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында 2000 гектардан ашык токой массивдери отургузулат. Ошондой эле негизги автомагистралдардын боюнда жашыл аллеялар түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров койгон жашылдандыруу максаттарын ишке ашырууда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин жеке катышуусу бул демилгенин маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктайт.
