Тармактык комитет Ош шаарындагы тазалоочу курулмаларды модернизациялоого багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды
Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 13-майында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарындагы КТСны кеңейтүү долбоору» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык фондунан берилүүчү инвестициялык гранты тууралуу гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарындагы КТСны кеңейтүү долбоору» долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын атайын фонду – Жашыл климаттык фондунан инвестициялык гранты тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Мыйзам долбоору менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев тааныштырды.
Маалым болгондой, мыйзам долбоорунда 1965-жылы курулган Ош шаарынын канализациялык тазалоочу курулмаларынын биринчи комплексин модернизациялоо, өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу жана жаңы заманбап эффективдүү жабдууларды орнотуу каралган.
«Долбоордун алкагындагы каржылоо – 8,3 млн еврону түзөт, анын ичинен кредит – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 15 жылга 4,0 млн евро. 4 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен жылдык 1,0 % + Euribor 6 айлык пайыздык чени менен. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл», - деп билдирди баяндамачы.
Депутат Гуля Кожокулова ЕРӨБ тарабынан каржыланган Ош шаарындагы эки долбоордун ишке ашырылышына кызыкты. Өз кезегинде Жаныбек Керималиев бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарында эки долбоор: «Ош шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо» I фазасы жана «Ош шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо» II фазасы ийгиликтүү аяктаганын белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору жактырылды.
