Айыл чарба министрлиги:  Кыргызстанга чек ара аймактан чегирткелердин өтүп кирүү коркунучу жок
28 май

Айыл чарба министрлиги:  Кыргызстанга чек ара аймактан чегирткелердин өтүп кирүү коркунучу жок

Кыргызстанга чек ара аймактан чегирткелердин өтүп кирүү коркунучу жок, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандын жана Өзбекстандын өсүмдүктөрдү коргоо боюнча адистери чек ара аймактарында зыянкеч чегирткелердин очокторун аныктоо жана аларга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен изилдөө жана мониторинг иштерин жүргүзүштү.

Бул иш-чаранын негизги максаты — чек аранын эки тарабындагы адистердин тыгыз кызматташуусун камсыздоо, зыянкечтер тууралуу ыкчам маалымат алмашуу, алардын миграциясын алдын алуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо болуп саналат.

Изилдөөгө Кыргызстандын Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын адистери, ошондой эле Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустарындагы тийиштүү өкүлдөр катышты.


Маанилүү факт: учурда Кыргызстандын аймагына чегирткелердин өтүп кирүү коркунучу жок деп бааланды.