«Ысык-Көл облусунда таза суу маселеси үч жылдын ичинде толук чечилет» – Торобаев
Бүгүн, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында курулган таза суу объектисинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев катышты.
Ачылыш аземинде министр айыл тургундарынын алдында сөз сүйлөп, өлкө боюнча таза суу жана саркынды суу системаларын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, 2024-жылдан тартып Таза суу системасы департаменти министрликтин карамагына өткөрүлүп, бул тармакта системалуу жана масштабдуу иштер башталган. Мурда таза суу маселеси жетиштүү деңгээлде каралбай, айрым аймактарда система такыр жок болгон, республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөй, негизинен тышкы донорлордун эсебинен гана иш алып барылган.
«Акыркы эки жылдын ичинде биз бул жоопкерчиликти толугу менен өзүбүздүн мойнубузга алдык. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 600 айылда таза суу системаларын куруу иштери башталды. Бул – мамлекеттин элдин турмуш сапатын жакшыртууга багытталган приоритеттүү саясатынын жыйынтыгы», – деди Бакыт Төрөбаев.
Министр белгилегендей, таза суу жана саркынды суу объекттерин куруу жана модернизациялоо иштери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен кабыл алынган 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. 2021-жылдан бери бул тармакка республикалык бюджеттен жана инвестициялык булактардан жалпы 512 миллион АКШ доллары тартылган.
Учурда:
• 600 айылда жана 25 шаарда курулуш долбоорлору иштелип чыгып,
• 40 айылда таза суу системалары курулууда,
• 3 шаарда саркынды сууларды чыгаруу үчүн канализациялык системалар салынууда,
• 771 айылда таза суу менен камсыздоо долбоорлору улантылууда,
• 210 айылда проекттик-сметалык документация даярдалып,
• 21 айылда курулуш иштери жүрүп жатат.
Ысык-Көл облусу боюнча учурда 72 айылда таза суу маселеси толук чечиле элек. Алардын ичинен 15 айыл Ак-Суу районунда жайгашкан. Калган айылдар боюнча техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, экспертизадан өткөрүлүүдө. Министрдин айтымында, алдыдагы эки жылдын ичинде бул айылдардын басымдуу бөлүгүндө иштер аяктап, жалпы үч жылдын ичинде Ысык-Көл облусундагы таза суу маселеси толук чечилет.
Иш-чаранын соңунда Бакыт Торобаев Тору-Айгыр айылынын тургундарын таза суу объектисинин ишке берилиши менен куттуктап, жаңы система элдин саламаттыгына, социалдык-экономикалык өнүгүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи.
