Кыргызстанда 2031-жылга чейин 400 миң даракка санариптик паспорт берилет
Сүрөт ачык булактардан алынды
11 ноябрь

Кыргызстанда 2031-жылга чейин 400 миң даракка санариптик паспорт берилет

Кыргызстандын шаарларында жана райондук борборлорунда өскөн кеминде 400 миң ири даракка 2031-жылга чейин санариптик паспорт берилет. Бул тууралуу шаарларды жана калктуу конуштарды жашылдандыруу боюнча улуттук программада айтылат.

Санариптик паспорттоштуруунун пилоттук долбоору 2027-жылы Бишкек шаарында башталат. Борбор калаада бул ишти 2028-жылдын 1-ноябрына чейин толук аяктоо пландалууда.

Ал эми 2028-жылдын май айына чейин «Жашыл аймак» бирдиктүү мамлекеттик геомаалыматтык тутуму (ГИС-платформасы) ишке киргизилет.

Ага жашыл бак-дарактардын GPS-координаттары, түрү, жашы жана биологиялык абалы тууралуу маалыматтар киргизилип, сүрөттөр менен тастыкталат. Платформа «Түндүк» системасы менен интеграцияланат.

Тургундар үчүн жашыл аймактардын интерактивдүү картасы түзүлүп, ал аркылуу бак-дарактардын отургузулушун жана жашыл фонддун абалын көзөмөлдөөгө болот.

Мындан тышкары, жарандар санариптик сервис аркылуу бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылышы же сугарылбай жатканы тууралуу билдире алышат. Кайрылуу жөнөтүлгөндө анын геолокациясы жана убактысы автоматтык түрдө катталат.