Росгвардиянын делегациясы ИИМдин Ички аскерлерине иш сапары менен келди
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерине Россия Федерациясынын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын өкүлдөрү иш сапары менен келди.
ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, делегацияны Ички аскерлердин кол башчысынын орун басары Бакыт
Иш сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, анда аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара тажрыйба алмашуу жана аскердик окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, окуу орундардын санын көбөйтүү, ошондой эле аскер кызматчыларын даярдоо багытында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана өз ара тажрыйба алмашууну улантуу боюнча пикир алышуу болду.
