Сүйүнчү! Ошто үч эм жарык дүйнөгө келди 
президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
11 ноябрь

Сүйүнчү! Ошто үч эм жарык дүйнөгө келди 

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында 2026-жылдын 3-ноябрында үч эм жарык дүйнөгө келди. 

Президенттик облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, Кара-Шоро айыл аймагынын Семиз-Көл айылынын тургуну, 1995-жылы туулган Нажи кызы Үпөл үч эмди — эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген. Эненин үч эмден тышкары дагы бир кызы бар.

34 жумалык мөөнөтүндө жарык дүйнөгө келген наристелер дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, учурда ден соолугунун абалы туруктуу.

Бүгүн, 11-ноябрында үч эм үйүнө чыгарылды.