Кыргызстанда беш жылда 2,25 млн дарак отургузуу пландалууда
Кыргызстанда беш жыл ичинде кеминде 2 млн 250 миң дарак отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинети бекиткен 2027–2031-жылдарга карата шаарларды жана калктуу конуштарды жашылдандыруу боюнча улуттук программада айтылат.
Дарак отургузуунун көлөмү жыл сайын көбөйтүлөт. Тактап айтканда, 2027-жылы 380 миң дарак отургузуу пландалса, 2031-жылга карата бул көрсөткүчтү жылына 520 миңге жеткирүү каралган.
Муну менен катар жаңы отургузулган көчөттөрдүн жерге көнүп, өсүп кетүү көрсөткүчүн жогорулатуу максаты коюлган.
Учурда айрым аймактарда көчөттөрдүн жерге көнүү деңгээли 50–60 пайызды гана түзөт. Аны 2027-жылы 67 пайызга, 2028-жылы 68 пайызга, 2029-жылы 70 пайызга, 2030-жылы 75 пайызга жана 2031-жылы 80 пайызга жеткирүү пландалууда.
Бул үчүн дарактарды отургузуудан мурда сугаруу системалары каралышы керек.
Ошондой эле өсүмдүктөрдү тандоодо кургакчылыкка чыдамдуу жергиликтүү түрлөргө артыкчылык берилет.
Отургузулуучу көчөттөрдүн кеминде 50 пайызын бир жана эки жылдык токой көчөттөрү түзүшү керек. Ал эми 30 пайызга чейинки бөлүгү бадалдар жана жандуу тосмолор, 20 пайыздан ашпаган бөлүгү ири жалбырактуу дарактар болушу каралган.
