Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугу үчүн көл түбүндөгү коркунучтуу темир конструкция чыгарылды
Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан “Лазурный берег” пансионатынын жээгинде, көл түбүнөн эс алуучулар үчүн кооптуу болгон темир конструкция чыгарылды. Бул кооптуу объект — мурунку пирстин чатыры болуп, ал 2 жыл мурун катуу шамалдын кесепетинен суу астына түшүп кеткен.
Көл түбүндөгү темир конструкцияны кесипкөй суучул Кубанычбек уулу Бекжан видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган. Аталган маалымат коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Жарандык жоопкерчилик көрсөткөн Бекжандын кайрылуусу Ысык-Көл ОИИБинин жетекчилиги тарабынан көңүл борборуна алынып, 4-август күнү коопсуздукту камсыздоо максатында өзгөчө чара көрүлдү.
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Кубанычбек уулу Бекжан аттуу суучулдун көмөгү менен темир конструкцияны суудан алып чыгышты. Алгачкы этапта темирди милициянын моторлуу кайыгынын жардамы менен жээкке жакын жерге сүйрөтүп, андан соң кызматкерлер аны өз күчү менен толук чыгарышты.
Окуянын жүрүшүн жээкте байкап турган эс алуучулар милиция кызматкерлеринин аракетин кол чаап тосуп алышып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Ысык-Көл ОИИБи Кубанычбек уулу Бекжанга активдүү жарандык позициясы, кооптуу жагдай тууралуу маалымат берип гана тим болбостон, жардам көрсөтүүгө даярдыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Бул иш аракет Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун сактоого жана эс алуучулардын тынчтыгын камсыздоого багытталган маанилүү кадам болду.
