Ош облусунда аң-уулоо эрежелеринин сакталышы боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү
22 декабрь

Ош облусунда аң-уулоо эрежелеринин сакталышы боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү

2025-жылдын 20-декабрь күнү Экология жана техникалык коопсуздук көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн аңчы-егерлери жана NABU уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун Өзгөн районунун Беш-Абышка участкасында аң-уулоо эрежелеринин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө аң-уулоо эрежелерин бузган жалпы 7 жаран аныкталды. Аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесинин негизинде жалпы суммасы 87 500 сомду түзгөн административдик айып салынды. Мындан тышкары, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 6 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Аталган рейддин алкагында башкармалыктын инспекторлору тарабынан 3 жаранга 37 500 сом айып салынып, 4 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Ошондой эле рейд учурунда жергиликтүү калкка жана аңчыларга аң-уулоо эрежелерин сактоо, жапайы жаныбарларды коргоо жана биотүрдүүлүктү сактоонун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай рейддик иш-чаралар жаратылышты коргоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана аң-уулоо эрежелеринин так сакталышын камсыз кылуу максатында мындан ары да улантылмакчы.