Кыргызстанда жейрендердин саны 47ге жетти
Ысык-Көлдүн түштүк-батыш бөлүгүндө Кыргызстандын жапайы табиятынан дээрлик жоголуп кеткен, Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарлардын бири — жейрендердин популяциясын калыбына келтирүү иштери улантылууда. Учурда алардын саны 47ге жеткен. Бул тууралуу БУУӨПтөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жейрендердин санын калыбына келтирүү иштери бир нече жыл мурун башталган. 2021-2023-жылдар аралыгында регионго 27 жейрен алынып келинген, ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аларга керектүү кам көрүүнүн натыйжасында алардын саны 47ге жеткен.
"Айрыкча, алар үчүн вольерлер курулуп, жашаган аймактары 50 гектарга чейин кеңейтилип, жапайы табиятка коё берүүгө даярдык иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле, жаныбарларга кам көрүү, азыктандыруу жана мониторинг жүргүзүү ыкмалары иштелип чыгып, жергиликтүү коомчулукка жана адистешкен илимий мекемелерге берилген", - деп айтылат маалыматта.
Ушул жайда 25 жейренди көзөмөлгө алынып жаратылышка коё берүү пландаштырылууда, бул туруктуу популяцияны калыптандырууда маанилүү кадам болмокчу. Эксперттердин баалоосу боюнча, алдыдагы 10 жыл ичинде жаныбарлардын саны 500гө жетүүсү мүмкүн.
"Иштерге жергиликтүү калк активдүү катышып, 220дан ашык адам үйрөтүлүп, иш-чараларга катышып, жаныбарларды коргоодо жардам берүүдө. Коомдук аракеттер экотуризмди өнүктүрүүгө да багытталып, маалыматтык материалдар даярдалган, ал эми аймак "Жейрен-Ордо" зоологиялык коругу юридикалык статусуна ээ болууга даярданууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул долбоор БУУӨПтүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен кызматташтыкта, анын ичинде Улуттук стратегия жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иш-аракеттер планынын негизинде ишке ашырылды. Бул аракеттер сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоо, экосистемаларды калыбына келтирүү жана жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууга багытталган.
