Жашылдандырууга багытталган жерге кампа, фонтан куруп алгандар жоопкерчиликке тартылышты
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Талас облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Текшерүүнүн алкагында, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылган скважина боюнча уруксат берүүчү документтердин жоктугу белгилүү болду. Суу кодексинин 91-беренесине ылайык, 49 817 сом өлчөмүндө доо коюлуп, толугу менен мамлекеттик бюджетке төлөндү. Ошол эле учурда, тиешелүү талаптарды аткарбагандыгы үчүн “Укук бузуулар жөнүндө” Кодекстин 434-беренесине ылайык административдик айып пулдар салынды.
Мындан сырткары, Үрмарал дарыясынын оң жээгиндеги суу коргоочу аймакта да мыйзам бузуулар катталды. Белгилүү болгондой, 2016-жылдын 1-апрелинде түзүлгөн келишимге ылайык, 2,5 гектар аянт жер жашылдандыруу максатында 20 жылга ижарага берилген. Текшерүү учурунда ал жерде мыйзамсыз курулуштар – фонтан, кампа жана үч бетон курулмалар табылып, жердин максатсыз пайдаланылып жатканы аныкталды. Бул мыйзам бузуу үчүн КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодекстин 247-беренесинин негизинде 17 000 сом айып пул салынды.
Ал эми айыл өкмөтү көзөмөл мекемелеринин көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы үчүн дагы КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодекстин 434- беренесине ылайык 13 000 сом өлчөмүндө кошумча айыпка жыгылды. Эс алуу жайынын мурунку ээси каза болгондуктан, азыркы мураскор Т.Т. га мыйзамсыз курулуштарды 30 күндүн ичинде буздуруп, баштапкы калыбана келтирүү боюнча эскертме берилди. Эгерде талаптар аткарылбаса мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.
