Өзгөн районунда Кара-Жыгач каналына бетон полотно төшөө иштери аяктады
Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгы 2026-жылдагы сугат мезгилине аракеттенген даярдык иштерин пландуу түрдө улантууда. Учурда аймактагы ирригациялык каналдардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында бир нече ири иш-чаралар аткарылууда.
Атап айтканда, Мырза каналынын 6,5 км жана Кочкор-Ата каналынын 2 км аралыгын механикалык чаап-тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле Козу-Уулу каналдарында да тазалоо жумуштары активдүү жүргүзүлүп, каналдардын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү жакшыртылууда.
Мындан тышкары, 2025-жылга пландалган Кара-Жыгач каналынын 580 метр аралыгына (жалпы 3 895 м²) бетон плотносун төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул иш-чаралар сугат системаларынын туруктуулугун камсыздоого жана аймактагы дыйкандарды суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.
Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгы ирригациялык системаларды жакшыртуу боюнча иштерди алдыда да улантат.
