19 март

Мыйзам: Ысык-Көлдө скутер тебүүгө болбойт  

Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, Ысык-Көлдө суу мотоциклин колдонууга жарым-жартылай тыюу салынат. Бул мыйзам боюнча  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Букаров Биринчи радионун түз эфиринде айтып берди.  

Ал белгилегендей, мыйзам биринчи кезекте адам коопсуздугун сактоо, ошол эле учурда экологияга тийген зыяндарды азайтуу максатында кабыл алынды. 

«Ысык-Көл тууралуу айта турган болсок, аны сактап калууга бүгүнкү күндө тоскоолдук жараткан жагдайлар бар. Ошол эле таштандылар, саркынды суулар көп кесепеттерге алып келет. Суу мотоцикли ошолор сыяктуу эле көлдүн экологиясына зыянын тийгизип келген, андан сырткары акыркы эки-үч жылда туристтик сезондо алар катышкан көп кырсыктар катталды. Ушулардын баарын алдын алуу үчүн тийиштүү мыйзам иштелип чыгып, кабыл алынды», – деген Букаров Кыргызстан туризмге басым жасап жаткан чакта, жаратылышты, Ысык-Көлдү сактоо аракет кылбасак, бул өтө чоң көйгөйлөргө алып келээрин белгиледи. 

Айтымында, мындай тыюу салуу тууралуу аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан ишкердик субъекттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал көл сезону башталгыча, баары ордуна келээрин белгиледи.