Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт
Ош шаарында жарыяланган үч айлыктын алкагында эртең, 12-апрелде ишембилик өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
«Жалпы шаардыктарды, мекеме-ишканаларды калааны көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоого жигердүү катышууга чакырабыз», – деп айтылат маалыматта.
