Нарын облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу жана балык уулоого каршы рейддер өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын июль айында Нарын облусунун аймагында бир катар рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Кочкор районунун Жаңы-Жол айыл аймагындагы Сай участогунда өткөрүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жаратылыш казынасын мыйзамсыз пайдалануу фактысы катталды. Тактап айтканда, Н.К. аттуу жаран тарабынан кум жана шагыл мыйзамсыз казылганы аныкталып, бул боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 243-беренесинин 4-пунктуна ылайык административдик протокол түзүлүп, жаранга 13 000 сом айып пул салынды.
Мындан сырткары, башкармалыктын инспекторлору тарабынан Ат-Башы жана Көкөмерен дарыяларында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар уюштурулду. Анын жыйынтыгында төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталды:
• Ат-Башы дарыясынын жээгинде мыйзамсыз балык уулоо фактысы боюнча эки жаран кармалып, ар бирине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266-беренесинин 1-пунктуна ылайык протокол түзүлүп, жалпы 2 000 сом айып салынды (ар бирине 1 000 сомдон).
• Көкөмерен дарыясында мыйзамсыз балык уулоо менен алектенип жаткан дагы бир жаранга тиешелүү берене боюнча протокол түзүлүп, 1 000 сом айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мындай рейддер жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого багытталган.
